Өлкөдө октябрдын аягына чейин эмчек рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүү жүргүзүлөт

Өлкөдө айымдар 1-октябрдан 31-октябрга чейин көкүрөк рагын аныктоо боюнча бекер текшерүүдөн өтө алышат. Саламаттык сактоо министрлигинен текшерүү «Айымдардын ден соолугу» акциясынын негизинде жүргүзүлөрүн белгилешти. 

Маалыматка ылайык, бир айлык акция Швейцариянын колдоосу менен «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Долбоор аялдардын жугуштуу эмес ооруларын аныктоо жана алдын алууга багытталган. Текшерүү өлкөдөгү бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.

Ошондой эле долбоордун дагы бир максаты тургундар үчүн сапаттуу медицианлык-санитардык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү, сергек жашоо  образын жайылтуу аркылуу калкынын саламаттыгын жогорулатуу болуп саналат.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын июль айында Кытайдын Нанкин медициналык университетинин адистери Бишкекте аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча бекер текшерүү жүргүзгон болчу. 

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкекте Кытайлык дарыгерлер аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүү жүргүзүшөт