«Мурда сегиз жолу соттолгон». Ошто эки тургундун унаасын алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Сүрөт: Ош ШИИБ.

3-октябрда Ош шаардык милициясы эки кишинин унаасын алып, алдап кеткен 45 жаштагы шектүү кармалганын билдирди. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунун туругуну болуп чыкты.

Маалыматка ылайык, шектүү биринчи кишинин унаасын 8 миң долларга баалап, 100 миң сомун берген. Калганын бөлүп төлөйм деп жабырлануучунун ишеничине кирип, унааны сатып жиберген. 

Шектүү экинчи жабырлануучунун унаасын 500 миңге баалаган — каражаттын 100 миңин берип, калганын төлөбөй, унааны сатып жиберген.    

Милиция бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, шектүүнү убактылуу кармоочу жайга киргизди. Териштирүүнүн жүрүшүндө ал мурда сегиз жолу соттолгону аныкталды.

Буга чейин, 29-сентябрда Ош облусунда батирлерге кирип уурулук кылган 30 жаштагы киши кармалган. Шектүү жабырлануучуларга 2 млн 322 миң сом зыян келтиргени аныкталып, ал күнөөсүн мойнуна алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто батирлерге уурулукка кирип, тургундарга 2 млн сомдон ашуун зыян келтирген киши кармалды

Талас: Мамыга таңылган киши менен кошо дагы бир адам уурулукка шектелип кармалды