Ошто батирлерге уурулукка кирип, тургундарга 2 млн сомдон ашуун зыян келтирген киши кармалды

Ош облусунда батирлерге кирип уурулук кылган 30 жаштагы киши кармалды. Жабырлануучулардын жалпы чыгымы 2 млн 322 миң сом деп бааланууда. Бул тууралуу 29-сентябрда Ош ОИИБнен билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери Кара-Суу районунун жарандары арыз менен кайрылып, үйлөрүнө ууру кирип алтын-зер буюмдарын жана акча каражатын уурдап кеткенин билдиришкен.  

Милициядан «Уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ош шаарынынтургуну кармалганын белгилешти. Далил зат катары акча жана уурдалган каражатка алынды делген «ВАЗ 2105» үлгүсүндөгү автоунаа алынды.

Шектүү тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ушул тапта дагы башка мыйзамсыз иштерге катышып-катышпаганы такталууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Талас: Мамыга таңылган киши менен кошо дагы бир адам уурулукка шектелип кармалды