Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медалга ээ болду. 

Ал 77 кг чейинки салмак категориясында таймашты. Финалдык беттеште Махмудов ирандык Амин Кавиянинежадды жеңген.

 

Бул Махмудовдун карьерасында Азия оюндарында жеңишке жеткен биринчи ийгилиги. Ошондой эле ал Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын чемпиону жана бир катар башка турнирлердин жеңүүчүсү.

Махмудовдун медалы Кыргызстандын курама командасынын ушул Азия оюндарындагы үчүнчү алтын медалы. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров менен балбан Жоламан Шаршенбеков алтын байгени алган. Ошондой эле улуттук кураманын куржунунда эки коло медаль бар — аларды ушу-саньда боюнча балбандар Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов жеңген.

XIX Азия оюндары 23-сентябрда башталган, ал 8-октябрда жыйынтыкталат. Оюнга 45 өлкөнүн 12 500 спортчусу катышып жатат. Атлеттер спорттун 40 түрү боюнча күч сынашып жатышат.