Баткен: Кара-Бак айылынын тургундары жер мунапысынын төлөмдөрүн жеңилдетүүнү талап кылууда

Баткен району. Сүрөт: Интернеттен алынды

Баткен районундагы чек арага жакын жайгашкан Кара-Бак айылынын жашоочулары жер мунапысынын төлөмдөрүн жеңилдетүүнү талап кылып обладминистрациянын алдына чогулушту. Маалыматты «Клоопко» Баткен райондук администрациясынан тастыкташты.

Тургундар 3-октябрда топтолуп, жер мунапысын алуудагы төлөмдөргө жеңилдик берүүнү талап кылып, өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылышты. Алардын айтымында, Кара-Бак айылы чек арада жайгашканына карабай «жер мунапысын алуу баасы борбор калаа Бишкектин төлөмдөрү менен бирдей».

Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Акылбек Дилшатовдун айтымында, жашоочулар ушуну менен үчүнчү жолу чогулушту. Баткен райондук администрациясы бул маселени бир ай мурда чечип берүүнү убадалап, бирок «азырга чейин эч кандай жыйынтык болгон эмес».

«Эмне үчүн жеңилдик жок?! Бир жер мунапысын алуу үчүн 24 миң сом төлөш керек. Бул баа кымбат болуп жатат. Төлөп, бирок документин күтүп жаткандар да көп. Бизде райондук архитектура жок. Облустукка кайрылсак, алар бошобойт экен. Барсаң же Лейлекке же Кадамжайга кеткен болот. Районго бөлүп берсе, биздин иштер да ылдамдайт эле», — деди Дилшатов.

Ошондой эле чек арада жайгашкан айылдын тургундары айылдагы мазардын жанына курулган үйлөргө документ берүүнү жана мурдагы райондук архитектура башкармалыгын кайрадан түзүп берүүнү суранышты.

«Критерийлер боюнча “мазардын жанына курулуп калган үйлөрдө 50 метр аралык сакталган эмес” деп бизге кызыл китеп, техникалык паспорт бербей жатышат. Ага карабай, ички миграцияны алдын алабыз деген үмүттө жаштарды кармап турабыз. Ушуга бир жардам берип койсоңуздар. Базага киргенге документ жоктугунан жөлөк пул ала албай же бир иш кыла албай жатышат», — деди тургундардын бири.

Акцияга чыккан тургундар менен губернатордун орун басары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал сунуш-талаптарды тиешелүү органдарга жеткирүүнү убадалады. 

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 50гө чукул тургуну буга чейин дагы жер мунапысын алуудагы төлөмдү арзандатуу талабы менен облустук администрациянын алдына чогулушкан

Жашоочулар өткөн жылы жерди трансформациялап, документтештирүү иштерине 10 миң сомдун тегерегиндеги акча төлөнгөн болсо, быйыл баалар эки эсе көтөрүлүп, 22 миң сомду чапчыганына даттанышкан.

Автору: Назайым Тилевалдыева