Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль багынтты

Кыргызстандын күрөш боюнча балбаны Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын алтын медалын багынтты.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта таймашты. Финалдык кармашта Шаршенбеков жапониялык Айата Сузукини далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Бул Кыргызстандын курама командасынын ушул Азия оюндарындагы экинчи алтын медалы. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров алтын байгени алган. Ошондой эле улуттук кураманын куржунунда эки коло медаль бар — аларды ушу-саньда боюнча балбандар Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов жеңген.

Ошондой эле Азия оюндарынын алтыны үчүн 4-октябрда балбан Акжол Махмудов да беттешет. Финалда ал ирандык балбан Амин Кавиянинежад менен кармашат.

Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия чемпиону жана бир катар башка турнирлердин жеңүүчүсү.

XIX Азия оюндары 23-сентябрда башталган, ал 8-октябрда жыйынтыкталат. Оюнга 45 өлкөнүн 12 500 спортчусу катышып жатат. Атлеттер спорттун 40 түрү боюнча күч сынашып жатышат.