Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Алтуха үй камагына чыгарылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Алтуха каймана аттуу мүчөсү Алтынбек Ибраимовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.   

Сот чечимди 4-октябрда чыгарган. Кримтөбөлдүн баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен УКМКнын төргөөчүсү кайрылганы айтылат. ЖМКнын маалыматына ылайык, Алтуха келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген

«Соттун 2023-жылы 4-октябрдагы токтоту менен УКМК тергөөчүсүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү канааттандырылып, мурда И.А.Т.ны (Алтынбек Ибраимов) камакка алуу түрүндөгү жаза чара 2023-жылы 26-октябрга чейин үй камагына чыгаруу чарасына алмаштырылды», — деп айтылат соттун маалыматында. 

Алтуха жана Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун (УКТ) дагы үч мүчөсү 2023-жылдын май айынын аягында көп жылдан бери «өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык» кылган деген шек менен кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, УКТ мүчөлөрү Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө кылмыштуу схеманы уюштуруш үчүн ишкерлерден «Кытайдан ташылган эл керектөөчү товарларды тартып алып турушкан». Алар алдамчылык жол менен жеке транспорттук-логистикалык компаниянын болжол менен жалпы суммасы 385 миң долларды түзгөн эл керектөөчү товарын мыйзамсыз тартып алышканы белгиленген.

4-октябрь күнү кечке маал УКМКнын кызматкерлери атайын операциянын жүрүшүндө кримтөбөл Камчы Көлбаевди жок кылышкан. Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, атайын кызмат Көлбаевдин «Дөө-Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун былтыр июлда ТИЗОдо өлтүрүлүшүнө катыштыгын иликтеп жаткан.

Кармоо учурунда кримтөбөл «Блондер Паб» барында болгону, ал жерде күч түзүмдөрүнө куралдуу каршылык көрсөткөн. Натыйжада спецназ Көлбаевге түз ок аткан. 

Алтуха деген ким?

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Алтынбек Ибраимов жети ирет соттолгон, криминалдык дүйнөнүн «колдоочусу» жана Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп саналат.

Ибраимовдун аты ал эки жыл мурда опузалап пара алгандыгы үчүн 2015-жылы кармалгандан кийин кеңири белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал шериктери менен ишкер Руслан Матниязовду күч менен унаага салып, тоого алып чыгып, андан 80 миң доллар талап кылышкан.

Ибраимовго жана шериги Тынчтык Орозалиевге «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча айып тагылган. Бирок райондук сот аларды актап, бошотуп жиберген.

Анда жабырлануучунун аялы соттун чечимин Бишкек шаардык сотуна даттанган. Шаардык сот Алтуханы 11 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң 2017-жылы Свердлов райсоту Ибраимовду опузалоо боюнча күнөөлүү деп табууга далилдер жетишсиз деген жүйөө менен жазадан бошоткон.