Ошто 39 жаштагы киши лифтке кыпчылып каза тапты

Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн лифти аварияга учурап, 39 жаштагы киши каза тапты. Маалыматты 5-октябрда Ош ШИИБден тастыкташты.

4-октябрь күнү аталган даректеги жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн лифти кулап, ичинде бир адам калып кеткени тууралуу шаардык милицияга кабар түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Соцтармактарда окуянын видеосу тарады. Анда лифттин ичиндеги окуянын күбөсү техникалык кызматкердин лифтке кыпчылган сөөгүн байкап калган. Күбөнүн айтымында, кызматкер алтынчы кабатта турган лифтти оңдоп жатып, лифт иштеп кеткенде кыпчылып жер төлөгө кулап түшкөн.

Маркум Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын 39 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ал эки айдан бери аталган көп кабаттуу үйдүн лифтин оңдоп иштеп жүргөн. Анын артында үч баласы калды.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, видео байкоо камераларынан видеожазуулар алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.