Азыр Көлбаевге карата эч кандай кылмыш иши жок — адвокат

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш иши жаза мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылды. Бул маалыматты «Азаттыкка» анын мурдагы адвокаты Сергей Манукян тастыктады.

«Азыр ага карата эч кандай кылмыш иши жок. Казакстандагы кандайдыр бир маалымат боюнча негизсиз кармашкан. Андан кийин аныктап чыгышып, 2021-жылы кылмыш иши кыскартылган. Менин маалыматым боюнча, анын азыр эч кандай кылмыш ишине байланышы жок», — деди ал.

Көлбаевдин иши токтотулганы тууралуу 16-августта өздүк булактарына таянып, 24.kg жана Kaktus.media басылмалары жазышкан.

«Кримтөбөл Камчыбек Асанбек Казакстанда транс улуттук кылмыштуу уюм түзгөн деп шектелген болчу. Кылмыш 2007 — 2009-жылдары жасалгандыктан, аны жазык жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткен. Ушуга байланыштуу УКМК кылмыш ишин иликтөөнү токтотту», — деп билдирген 24.kg.

УКМКнын өзү Көлбаевге карата кылмыш иши токтотулганы тууралуу маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.

Көлбаевдин кармалышы

Көлбаев 2020-жылдын октябрында «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин алдын алуу жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалган. Анда ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча шектелип жатканы маалымдалган.

Кармалгандан кийин Көлбаев №47 түзөтүү абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын мартында Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө шарты менен абактан бошоткон.

Ошол учурда УКМК кримтөбөлдин туугандары «кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу» иши боюнча мамлекетке 49,6 млн сом төлөп бергенин билдирген. Бул иш боюнча келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык каражатты түзгөн.

Мамлекеттик комитет калган сумманы Камчыбек Асанбек 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керектигин белгилеген. Бирок бул иш кандай аяктаганы белгисиз, Көлбаев бошотулгандан кийин УКМК эч кандай маалымат берген эмес.

2022-жылдын ноябрында УКМК Көлбаевди тиешелүү уруксат кагаздары жок чек ара аймагында жүргөнү үчүн кайрадан кармап, протокол түзгөн соң бошоткон.

Көлбаев деген ким?

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоодо турат. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Көлбаев өлкөдө «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген.

АКШ бийлиги Көлбаевди жоопко тартууга же анын кылмыштуу схемасын бузууга шарт түзө турган маалымат үчүн 5 млн доллар сый акы жарыялаган.