Азия оюндары: Орозобек Токтомамбетов менен Айаал Лазарев коло медаль жеңди

7-октябрда кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Орозобек Токтомамбетов менен Айаал Лазарев Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль утту.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти

Токтомамбетов 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3-орун үчүн болгон беттеште тажик балбанын 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.

Ал эми Лазарев 125 килограммга чейинки салмакта беттешип, коло медаль үчүн болгон таймашта өзбекстандык атаандашын жеңди.

Эки балбандын байгесин кошкондо 19-жайкы Азия оюндарында кыргыз курамасы жалпы 15 медаль жеңди. Бул жолку Азия оюндары Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүү оюн болуп калды.

Учурда улуттук кураманын куржунунда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль бар.

Алтын медаль алган спортчулар:

Күмүш медаль алган спортчулар:

Коло медаль алган спортчулар:

23-сентябрда башталган Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча ат салышты.