«Эч кандай криминалдык статусум жок». «Женго» каймана аты бар Досонов кайрылуу жасады

«Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадырбек Досонов азыркы тапта эч кандай криминалдык статусу жок экенин билдирди. Анын кайрылуусу социалдык тармактарда 6-октябрда жарыяланды.

«Кыргызстандын мыйзамына баш ийип жашап келе жатам. Буга чейинки мыйзамсыз иштерим үчүн мыйзам алдында жооп бергем. Азыркы учурда эч кандай криминалдык статусум жок. Кыргызстаныбызда тынчтык, амандык болсун», — деди ал.

53 жаштагы Досонов Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы экени айтылып келет. Ал буга чейин оор кылмыштарга айыпталып, бир нече ирет соттолгон.

Досоновго чейин «Сакал» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Улан Токтосунов да кылмыш дүйнөсүндөгү статусунан баш тартканын билдирген.

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: Эгер уюшкан кылмыштуу топтордон кимдир бирөө баш көтөрсө катуу жазаланат

Ысык-Көлдө кримтөбөл Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат