Ысык-Көлдө кримтөбөл Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Кармоо операциясы учурунда УКМК тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-октябрда кичи мекени Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат

Кримтөбөлдүн үйүнүн жанында боз үйлөр тигилип, ондогон унаалар токтоп турганын көрүүгө болот. 

Буга чейин Көлбаевдин сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилгени кабарланган

Көлбаевдин кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөнү тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 4-окятбрь кечинде ырастаган. Аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгон. 

Кримтөбөлдү кармоо учурунда Көлбаев УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөткөнү айтылат.

Көлбаев деген ким?

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоодо турат. Мекеменин маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Көлбаев өлкөдө «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген.

АКШ бийлиги Көлбаевди жоопко тартууга же анын кылмыштуу схемасын бузууга шарт түзө турган маалымат үчүн 5 млн доллар сый акы жарыялаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев кармоо учурунда жок кылынганын тастыктады

Азыр Көлбаевге карата эч кандай кылмыш иши жок — адвокат