Өзүн Көлбаевдин жубайымын деген аял бийликтен жакындарын тынч коюуну өтүндү

Өзүн кармоо учурунда УКМК тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жубайымын деп тааныштырган аял 7-октябрда видео кайрылуу жасады. Ал жолдошун эскерип, бийликтен жакындарын тынч коюуну өтүндү.

Ал учурда тергөө башталып, Көлбаевдин жакындары, кудалары, алар менен сүйлөшкөн адамдар, жумушчулар суракка чакырылып жатканын айтты.

Ошондой эле аял жолдошу өмүр бою ак эмгек менен акча таап келгенин белгилеп, үй-бүлөсүнө эч кандай байлык калтырып кетпегенин билдирди.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, сураныч, мага жана балдарыма карата каршы болуп жаткан аракеттерди токтотуңуздар. Биздин кудаларыбыз, туугандарыбыз, досторубуз, жумушчулар — биз менен жөн эле сүйлөшүшкөн адамдар. Алар азыр аныктоого аракет кылып жаткан кылмыштуу топтун же схеманын мүчөлөрү эмес», — деди ал.

Ошондой эле ал кредитке салынган имараттар үй-бүлөсүнүн жалгыз киреше булагы экенин белгилеп, бийликтегилерден кирешесиз калтырбоону өтүндү.

Көлбаевдин өлүмү

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болчу. Ал уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары ИИМдин каттоосунда турган. Ал өлкөдө «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал эле.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң ири баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. 2017-жылы АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобунун бөлүгү деп билдирген. АКШ бийлиги Көлбаевди жоопко тартууга же анын кылмыштуу схемасын бузууга шарт түзө турчу маалымат үчүн 5 млн доллар сый акы жарыялаган.

Көлбаев 4-октябрда кармоо операциясы учурунда УКМК тарабынан жок кылынды. Аны кармоого дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгон.
Кармоо учурунда кримтөбөл УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөткөнү айтылат.

УКМКдан ага карта «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү» жана «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелери менен кылмыш иштери козголгонун белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: Эгер уюшкан кылмыштуу топтордон кимдир бирөө баш көтөрсө катуу жазаланат