ЖМК кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар делип бир нече киши кармалганын жазды

УКМК парламенттин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов, маркум кримтөбөл Алмаз Сулаймановдун бир тууган агасы Марс Сулайманов жана УКТ мүчөсү Бактыбек Аманкуловду кармады. Бул тууралуу 8-октябрда 24.kg басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булагына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мурдагы депутат, Бишкектеги «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовго «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренеси менен айып тагылууда.

Маалыматта Салимов кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы экени айтылат. Бирок анын өкүлү Салимовдун Көлбаевге жана кылмыштуу топторго эч кандай катыштыгы жок экенин айтып чыкты.

«Лимонти» каймана аты менен белгилүү маркум кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун агасы Марс Сулаймановго да «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренеси менен айып тагылып жатканы кабарланды.

Ал эми «Баха» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бактыбек Аманкулов «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу кармалганы айтылууда.

Кылмыш чөйрөсүнө катыштыгы бар делген кишилердин кармалганы боюнча УКМК расмий маалымат бере элек.

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эч кандай криминалдык статусум жок». «Женго» каймана аты бар Досонов кайрылуу жасады