Баткен: Самаркандек айылында аялдардын колдоосу менен кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Баткен районунун Самаркандек айылында аял-кыздар жана демөөрчүлөр тарабынан муктаждар үчүн акысыз кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Аталган дүкөндүн ачылуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары, демөөрчүлөр, аксакалдар катышты. Жетекчилер иш-чарада тургундарга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бийлик тарабынан дагы тиешелүү деңгээлде көмөк көрсөтүлүп турарын баса белгилешти.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана майыптыгы бар тургундар кайрымдуулук дүкөндөн аптада бир жолу өзүнө керектүү күнүмдүк азык-түлүк жана кийим-кече ала алат.

«Кыз-келиндерден турган коомдук фонд буга чейин муктаждар үчүн даталуу күндөрдө колдоо көрсөтүп келишкен. Мындан ары үзгүлтүксүз камсыздап туруу үчүн социалдык дүкөн уюштурушту. Мүчөлүккө катталган 300дөй кыз-келиндер мүмкүнчүлүгүнө жараша акча каражат топтоп турушат», — деди Самаркандек айылынын тургуну Кайры Абдиматова.

Баткен райондук администрациясынын маалыматына ылайык, Самаркандек айыл аймагында 15 миң калк жашайт, алардын 100гө чукулу — аярлуу катмардагы үй-бүлөлөр. 

Буга чейин Баткен шаарында чет өлкөдөгү кыргызстандык мигранттардын демилгеси менен «Элден элге жардам» кайрымдуулук дүкөнү ачылган. Дүкөндө муктаж тургундарга акысыз азык-түлүк берилет. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Элден элге жардам». Баткенде мигранттар кайрымдуулук дүкөнүн ачты