«Рекорддук жеңиш». Акылбек Жапаров Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытайда Азия оюндарына катышып келген кыргыз спортчуларын куттуктады.

Минкабдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, спортчуларды куттуктоо аземи 9-октябрда өткөн.

«Бүгүн биздин спортчулар Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, элдин ишеничин актап, чоң жеңиштер менен кайтышты. Бардык спортчуларыбызды президенттин, Министрлер кабинетинин жана жалпы кыргыз элинин атынан рекорддук жемиштүү жеңиш менен келишиңер менен куттуктайм. Биз сиздер менен сыймыктанабыз», — деди Жапаров салтанатта.

Акылбек Жапаров Азия оюндарынына катышып келген спортчуларменен. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Ал алтын медалдардын ээлерине сый акыга сертификаттарды тапшырды. Алсак, 1 млн 250 миң сомдон Азия оюндарынын чемпиондору Эрлан Шеров (дзюдо), Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков (экөө тең грек-рим күрөшү боюнча) жана Айпери Медет кызы (аялдар күрөшү) алды. 750 миң сомдук сертификаттар Оюндарда күмүш медалдарды багынткан Адилет Шадыканов (карате) менен Нурзат Нуртаевага (аялдар күрөшү) тапшырылды.

Ал эми 500 миң сомдук сертификаттар коло байге уткан спортчуларга тапшырылды. Алар: Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү), Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү), Авазбек Аманбеков, Темирлан Аманкулов (ушу-саньда), Сардана Трофимова (жеңил атлетика), Назима Нурланова, Кымбат Тойтонова (карате), Орозбек Токтомамбетов жана Айаал Лазарев (эркин күрөш).

Сөзүнүн аягында Жапаров «мамлекет спортчулардын жетишкендиктерин жогору баалай турганын» жана мындан ары да тийиштүү жардам берүүнү улантарын белгиледи.  

23-сентябрда башталган 19-жайкы Азия оюндары 8-октябрда аяктады. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча таймашышкан.

Кыргыз курамасы Оюндардын жыйынтыгы менен жалпы командалык эсепте 18-орунду ээлеген. Алар өлкөнүн куржунуна 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль алып келишти. Бир эле Азия оюндарынын өзүн 4 алтын медаль жеңүү — Кыргызстандын курамасынын тарыхындагы рекорд.