Смогго каршы күрөш: Бишкекте жана башка шаарларда катализатору жок унаалар аныкталууда

Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек жана республиканын башка шаарларында катализатору жок унааларды аныктоо боюнча иштер күчөтүлгөнүн билдирди.  

Маалыматта борбор калаадагы рейддер Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция башкармалыгы менен биргеликте смогго каршы күрөшүү боюнча мөөнөтүнөн мурда чараларды көрүү максатында жүргүзулүп жатканын белгиленет.  

«Текшерүү учурунда газ анализаторлор менен жабдылган көчмө постторунун инспекторлору бензин, дизель жана газ түрүндөгү отун менен иштеген автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу газдардын: көмүртек кычкылы (СО), көмүр кычкыл газы (СО2), углеводороддор жана башка кошулмаларынын санын өлчөп жатышат. Ошондой эле унааларга катализаторлорду милдеттүү түрдө орнотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Текшерүү маалында зыяндуу заттардын (пайдалануучу газдардын) нормадан ашыкча бөлүнүп чыгуусу аныкталса, унаа ээлерине 7500 сом, юридикалык жактарга — 23 миң сом айып салынат.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, 1-марттан бери Бишкек ШИИББнин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддин алкагында 425тен ашык автоунаа текшерилип, 6 протокол түзүлүп, 45 миң сом өлчөмүндө айып салынган, ошондой эле «транспортту эксплуатациялоо эрежесин бузуу» беренеси менен 950 миң сомго 200 протокол түзүлгөн. 

Ошондой эле ведомстводон, катализаторсуз жүргөн унааларды аныктоо иштери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жарандардын ден соолугун коргоо жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү, ошондой эле  абанын булгануу себеби менен булагын аныктоо максатында жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.  

Мурдараак маалымат каражаттарында өкмөт башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэрине шаарга катализатору жок унааларды киргизүүгө жана алардын жүрүүсүнө тыюу салуу жөнүндө тапшырма бергени тууралуу маалымат тараган. Жапаровдун айтымында, чектөөлөр борбор калаада ноябрь жана январь айларында иштеши керек.

Акыркы бир нече жылдан бери Бишкек кышкысын абасы эң эле булганган шаарлардын дүйнөлүк рейтингин толуктап келет. Бийликтин көптөгөн убадаларына жана смогго каршы күрөшүү боюнча жумушчу топтордун ишине карабастан Бишкекте абанын сапатына байланыштуу жагдай өзгөрбөй келет.

2022-жылдын октябрынын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги ыш тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырган, ага ылайык шаардагы абанын булганышына жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан сапатсыз көмүр негизги себеп болууда. Бийлик калаада аба булганып жатканына сапатсыз бензин жана жыш курулуштар, Бишкек ЖЭБи дагы себеп экенин айткан.