Жаңы-Жер: Адам өлүмү менен коштолгон калайман мушташ боюнча дагы алты киши кармалды

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: Чүй облустук милициясы.

Чүй облустук милициясы Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы адам өлүмү менен коштолгон калайман мушташка байланыштуу дагы алты киши кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуяга байланыштуу дагы 11 кишинин үйүндө тинтүү жүрүп, 21, 23, 38, 42, 50 жана 54 жаштагы тургундар кармалды. Тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары, телефондор алынды. 

Калайман мушташка байланыштуу «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, буга чейин кармалган сегиз киши тергөө абагына киргизилген.

Жаңы-Жердеги калайман мушташ 22-сентябрь күнү чыккан. Бир кишиге ок тийип каза болсо, дагы бири оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Милициядан жаңжал «муундар арасында “улууларды сыйлоо” эрежесин сактабагандыктан келип чыкканын» билдиришкен. Окуяга катыштыгы бар эки тарап тең бир улуттан экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жаңы-Жер айылындагы мушташ: Адам өлүмү менен коштолгон иш боюнча жалпы сегиз киши кармалды