Жаңы-Жер айылындагы мушташ: Адам өлүмү менен коштолгон иш боюнча жалпы сегиз киши кармалды

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы калайман мушташ учурунда адам өлтүрүүгө фактысына байланыштуу жалпы сегиз киши кармалды. Бул тууралуу 26-сентябрда Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуяга байланыштуу дагы 33, 35 жана 65 жаштагы үч киши кармалып, 100дөн ашык адам сурак берди. Тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дары алынды. 

Буга чейин 26, 36 жана 69 жаштагы үч киши жана издөөгө алынган 41 жаштагы Курбангаджи Абдуллаев менен 44 жаштагы Магомед-Эмин Даудов колго түшкөн.

Факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу. Кармалгандар ушул тапта убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

22-сентябрь күнү Сокулуктун Жаңы-Жер айылында калайман мушташ чыккан. Бир кишиге ок тийип каза болсо, дагы бири оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Милициядан жаңжал «муундар арасында “улууларды сыйлоо” эрежесин сактабагандыктан келип чыкканын» билдиришкен. Окуяга катыштыгы бар эки тарап тең бир улуттан экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сокулуктагы массалык мушташ: Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн эки киши кармалды

Сокулуктагы массалык мушташ: Бир адам ок жеп каза болуп, дагы бири ооруканага жеткирилди