Акылбек Жапаров: Кыргызстан бейиштин төрүндөй болот, криминал деген түшүнүк болбойт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт деп билдирди. Бул тууралуу ал 11-октябрда фейсбук барагына жазды

«Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калк жана жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркидиги мындан да өркүндөйт. Ар бир айылдагы мен “чёрныймын” дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз», — деди ал.

Бийлик акыркы күндөрү уюшкан кылмыштуу топ менен активдүү күрөшүп жатканын билдирип жатат. Ал иштер менен Камчыбек Ташиев жетектеген УКМК алектенүүдө. 

Атайын кызмат 4-октябрда атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн соң, түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөтө баштаган.  

Кийин УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жалпы жону уюшкан кылмыштуу топтун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөн

Ошондой эле Көлбаев жок кылынгандан кийин соцтүйүндөрдө УКТ мүчөлөрү менен кримтөбөлдөр «мыйзамдагы ууру» деген макамадары менен кылмыш чөйрөсүндөгү «түшүнүктөрдөн» баш тартып, өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүнү убада кылган видеолору тарап жатат.

Дагы окуңуз:

«Мындан ары кримчөйрө болбойт». Ташиев ишкерлерди кылмыштуу топторго акча бербөөгө чакырды