Кытайдын жарандары — Гонконг жана Макаонун резиденттери эми Кыргызстанга визасыз кире алат

Министрлер кабинети Кытайдын жарандарына — Гонконг жана Макаонун резиденттери үчүн визасыз режимди киргизүү жөнүндөгү чечимди кабыл алды. Бул тууралуу «Бир алкак, бир жол» демилгесинин 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан — Кытай» достук коомунун жыйынында минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарыя кылды

Бул чечим «достук мамиленин алкагында жана өлкөлөр ортосундагы элдик дипломатияны бекемдөө максатында» кабыл алынганы белгиленет.

«Буга кошумча, АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдикте ачылган визалары бар Кытайдын жарандары дагы бул артыкчылыкты колдоно алат», — деп билдиришти минкабдан. 

Кыргызстан Кытай менен дипломатиялык мамилени 1992-жылдын 5-январында түзгөн.

Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири, ошондой эле анын эң ири кредитору болуп эсептелет — Пекинге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын дээрлик жарымы туура келет.