УКМК Көлбаевдин бизнес өнөктөшү Азрет Боотаев кармалганын кабарлады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү, «Аврора Групп» ишканасынын ээси Азрет Боотаевди кармады.

Маалыматка ылайык, ал Көлбаевге карата «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу» беренеси менен козголгон иштин алкагында 4-октябрда колго түшкөн.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө Боотаев «Каганат Ресорт» эс алуу борборун негиздегендердин бири экени айтылат.

УКМКдан соцтүйүндө тараган Бишкектин Курултай көчөсү 53 дарегиндеги үй башка эле адамга таандык деген маалымат «чындыка дал келбейт» деп белгилешти. Үй Боотаевдин атасы Түркмен Боотаевге катталганын айтышты.

«Кеңешбек Молдобаев атуу киши жогорудагы даректе жашай турганын ЖМКга билдирген. Бирок, иш жүзүндө ал — Курултай көчөсү 49 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлктүн ээси. Ал башка кыймылсыз мүлк болуп саналат», — дешти атайын кызматтан.

Молдобаев УКМКнын маалыматын тастыкап, алдын ала такталбаган маалымат таратканын айтып билдирүү жасады.

Көлбаев өлүмү 

Буга чейин атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кырктан ашык активдүү мүчөсү кармалганын билдирген. Ошондой эле кримтөбөлдүн мыйзамсыз жол менен алынган мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларды түзөрүн, алар камакка алынганын айтышкан.

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан. 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен

ТЕМА БОЮНЧА:

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “Казбек кара” аттуу активдүү мүчөсү кармалды 

 УКМК грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президентин кылмыштуу топту каржылоого шектеп кармады