ЖК Орусия менен абадан коргонуу системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялады

Жогорку Кеңештин депутаттары 11-октябрда «Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун үч окууда карап, кабыл алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Коргоо министри Алмазбек Карасартовдун айтымында, бул максаттар үчүн Канттагы Орусиянын авиабазанын жанынан келишимдин колдонуу мөөнөтүндө 5 гектар жер тилкеси берилет.

Аталган системаны түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр 2022-жылдын июлунда Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен жүргүзүлө баштаган.

Өткөн жылы Тажикстандын парламентинде дагы Орусия менен бирдиктүү аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча ушундай эле макулдашуу колдоо тапкан. Өлкөнүн коргоо министри Шерали Мирзо парламентте сөз сүйлөп жатып, бул келишимди ишке ашыруу Тажикстандын аба мейкиндигинин коопсуздугун коргоо боюнча кызыкчылыгына жооп берерин белгилеген. «Озоди радиосу» айрым эксперттер тажик бийлигин аба мейкиндигин Москванын көзөмөлүнө берип жатканы үчүн Дүйшөмбүнү сынга алышканын жазган

Башкы беттеги иллюстративдүү сүрөт.