«Авангард стиль» курулуш компаниясынын башчысы 4-ноябрга чейин камакка алынды

Бишкектин Октябрь райондук соту «Авангард стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Минкеевди 4-ноябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.

Соттун маалыматы боюнча, Минкеевге Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча айып тагылганы белгиленет. УКМК азырынча Минкеевдинк армалышы боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин ушундай эле айып менен Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев, MegaCom’дун башкы директорунун мурдагы биринчи орун басары Арстанбек Темирбаев, Kaganat Resort эс алуу борборунун тең теңиздөөчүсү жана «Аврора групп» ЖЧКнын ээси Азрет Боотаев кармалган. 

Алардын баары 4-октябрда атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин кармалган. 

УКМКнын маалыматына ылайык, атайын кызмат Көлбаевдин «Дөө-Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун былтыр июлда ТИЗОдо өлтүрүлүшүнө катыштыгын иликтеп жаткан. Ошондой эле коопсуздук комитети ишкерлердин өзгөчө ири көлөмдөгү мүлктөрүн мыйзамсыз тартып алуу факытлары боюнча кылмыш иштерин иликтеп жатат.

Кийин УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшүрүлгөнүн билдирген. Кармалгандардын арасында айрым бизнесмендер да бар.