Бул инвестициялардын киришине өбөлгө түзөт — MEGA Мамөнүктүрүү банкына сатылганы тууралуу

Мамлекеттик MEGA («Альфа Телеком» ЖАК) уюлдук оператору компаниянын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатылганы боюнча билдирүү таратты. Банк 11-октябрда өткөн аукциондо уюлдук оператордун 100% акциясын сатып алган

MEGA ишкананын акцияларынын сатылышы «компаниянын ишмердүүлүгүнө жана абоненттерге көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына эч кандай таасирин тийгизбейт» деп белгиледи.

«Уюлдук оператордун 100% акциясы мамлекеттин башкаруусунда калат, акцияларга Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (анын бирден-бир акционери, өз кезегинде, өкмөт болуп саналат) ээлик кылат. Бул сатуу MEGA‘нын технологиялык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизе турган инвестициялардын киришине өбөлгө түзөт. Биз компаниянын ишмердүүлүгүн жана байланыштын сапатын жакшыртуу менен, өнүгүүгө басым жасай бермекчибиз», — деп айтылат билдирүүдө. 

Уюлдук оператор өзүнүн стратегиялык максаттары мурдагы бойдон эле каларын кошумчалады — Кыргызстандагы алдыңкы жогорку технологиялык уюлдук оператор болуу.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2022-жылы түзүлгөн. Жакында эле президент Мамлекеттик өнүктүрүү банкы боюнча мыйзамга кол койгон, ага ылайык, Мамөнүктүрүү банкына «Банк жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын жана өлкөнүн Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларынын күчү жайылтылбайт. Ошондой эле кол коюлган мыйзамга ылайык, Мамлекетик банктын жалгыз акционери болуп Министрлер кабинети өзү эсептелет.

Депутат Дастан Бекешев аталган мыйзамга комментарий берип, аталган мыйзамды кабыл алуу Мамлекеттик өнүктүрүү банкына «Мегакомду» жана башка активдерди сатып алууга, ал эми Министрлер кабинетине ар кандай долбоорлорду Улуттук банк менен макулдашпастан ишке ашырууга жол ачарын билдирген.  

29-мартта «ПолитКлиника» басылмасы иликтөө жарыялаган. Анда MEGA ишканасын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар тууралуу жана ага Максим Бакиевге байланыштуу адамдардын тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган. Ал эми MEGA’нын башкы директору Нурлан Мамытов «ПолитКлиниканын» иликтөөсүнө комментарий берип жатып уюлдук байланыш операторуна карата маалыматтык чабуул башталып, компания дискредитациялоо жүрүп жатат деп деп билдирген.

MegaCom (азыр MEGA) байланыш оператору Кыргызстанда 2006-жылы иштеп баштаган. 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликке келген убактылуу өкмөт өзүнүн декрети аркылуу компаниянын 49% акциясын улутташтырган. Төрт жылдан кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн.

Бийлик компанияны же анын үлүшүн 2011-жылдан бери сатууга бериде ондон ашык жолу аракет кылган.

Бүгүнкү күндө MEGA — республикадагы эң ири уюлдук операторлордун бири. Мындан тышкары, компания мамлекеттик ишканалардын ичинен «Кумтөрдөн» кийин эле турган эң кирешелүү ишкана. 2022-жылы «Альфа Телеком» ишмердүүлүгүнөн киреше катары бюджетке 1 млрд сом төккөн.