«Мегакомду» Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 14,8 млрд сомго сатып алды 

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы мамлекеттик «Мега» («Альфа Телеком» ЖАК) уюлдук операторунун 100% акциясын сатып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
 
Мамлекеттик банк «Меганы» 14 млрд 800 млн сомго сатып алганы белгиленет. Кызыгы, Мамлекетик банктын жалгыз акционери болуп Министрлер кабинети өзү эсептелет.
 
«Меганын» акциялары быйыл июль айында сатыкка коюлган. 2-октябрда уюлдук операторду электрондук аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөр түшпөгөндүктөн улам биринчи аракеттен сатуу мүмкүн болбой калган. Буга байланыштуу аукцион 11-октябрга жылдырылып, ага эки мекеме катышкан — Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Мамлекеттик ипотекалык компания.
 
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2022-жылы түзүлгөн. Жакында эле президент Мамлекеттик өнүктүрүү банкы боюнча мыйзамга кол койгон, ага ылайык, Мамөнүктүрүү банкына «Банк жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын жана өлкөнүн Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларынын күчү жайылтылбайт.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Сутанбаев буга чейин «Мегаком» («Мега») уюлдук операторун Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып аларын билдирген. Султанбаев муну менен уюлдук оператор мамлекеттин карамагында калып, «өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салым кошуусун улантаарын» кошумчалаган.

MegaCom (азыр MEGA) байланыш оператору Кыргызстанда 2006-жылы иштеп баштаган. 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликке келген убактылуу өкмөт өзүнүн декрети аркылуу компаниянын 49% акциясын улутташтырган. Төрт жылдан кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн.

Бийлик компанияны же анын үлүшүн 2011-жылдан бери сатууга бериде ондон ашык жолу аракет кылган.