Тимур Файзиев эки айга камакка алынды

Бишкектин Октябрь райондук соту ишкер жана Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди калаанын ТИЗО-1не камакка алды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Сот чечимине ылайык, Файзиев 2023-жылдын 9-декабрына чейин камакта болот.

Файзиев кармалганы 10-октябрда белгилүү болгон. Анда бул боюнча бир нече ЖМК билдирип, Файзиев суракка чакыртылып, тергөөчүнүн чечиминен кийин камакка алынганы айтылган.

Файзиевге 2021-жылдын май айынын аягында Аскер прокуратурасы тарабынан издөө жарыяланган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал Бишкектин аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз алууда коррупцияга аралашкан жана мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн деп шектелген.

2021-жылы 27-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту бизнесменди камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарып, кийин эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошоткон.

Мындан тышкары Файзиев экологиялык таза «Асман» шаарын куруу боюнча Мамдирекциянын гендиректору болуп иштегени да белгилүү. Бирок, 2022-жылдын апрелинде юул кызматынан алынган.