Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашевдин баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакка алды. Бул тууралуу 13-октябрда «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Соттун чечимине ылайык, Карашев УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынды. 

Соттун маалыматы боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин «Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратууга көмөктөшүү» беренеси боюнча айып тагылууда. 

Карашев жөнүндө белгилүү маалымат аз: кыргыз чиновниктеринин өмүр таржымалы жарыяланган өкмөттүк сайттарда ал жөнүндө маалымат жок.

Биринчи жолу Карашевдин ысымы 2011-жылдагы документтерде аталган: ал Ош облустук бажы кызматынын төрагасынын орун басары деп көрсөтүлгөн. 2021-жылы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган Райымбек Матраимов анын түздөн-түз жетекчиси болгон. Матраимов өзү да коррупция кылганын мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн бюджетке 2 млрд сом төгүп берген.

Кийинки жылдары Карашев бир нече жогорку кызматтарды аркалаган: (2017-жылы) Ош облустук бажысын жетектеп, ошондой эле Бишкектеги эл аралык аэропорттун бажы кызматынын башчысынын орун басары жана башчысы болгон.

2019-жылы октябрда ал кызматынан дагы бир тепкич жогорулап, Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган — ушул эле кызматты бир кездерде Райымбек Матраимов аркалаган. 2021-жылдын апрелинде Карашев бажыда коррупция жок, бирок адамдык фактор бар деп билдирген. Ошол эле айда ал жумушунан бошотулган.

2021-жылдын июнунда Клооп», OCCRP жана Bellingcat Карашев жөнүндө иликтөө чыгарышкан — анын үй-бүлөсү дагы өзүнө чейин бажы төрагасынын орун басары болгон Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү менен кыйла тыгыз катташта экени аныкталган. Ал дагы өзүнүн үй-бүлөсүнө Матраимовдон кем калбаган байманалуу жашоо түзүп бергени байкалган.

Тема боюнча караңыз: Матраимовдон калышпайт. Иштен алынган дагы бир бажычынын байманалуу жашоосу

Иликтөө: Кыргыз бажысынын мурдагы башчыларынын Таиланддагы эс алуусу