«Кыз ала качуу» тасмасы Пусандагы эл аралык кинофестивалда конкурстун башкы сыйлыгын жеңди

Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» деп аталган тасмасы Пусандагы 28-эл аларык кинофестивалында Jiseok конкурсунун башкы сыйлыгын жеңди. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.   

Кинофестиваль (Түштүк Кореянын) Пусан шаарында 4-13-октярь күндөрү өттү. Фестивалда эл аралык киносынчылардын катышуусуу менен тасманын дүйнөлүк бет ачары болду. Тасманын жаратуучуларынын айтымында, сынчылар тасмага тууралуу жакшы пикирин айтышкан, ал эми калыстар тобу «тасманы көрүп, эмоционалдык жактан абдан таасирленишкенин» баса белгилешкен.  

«Бул жаңы тасмада режиссёр Мирлан Абдыкалыков Кыргызстан үчүн актуалдуу болуп турган теманы көтөрүп, Үмүт аттуу [каарман] кыздын кайгылуу окуясы аркылуу бул көрүнүштүн келип чыгуу себептерин, мында ала качкандардын гана эмес, жалпы эле коомдун ролун түшүнгүсү келген. Тасма Бишкектеги жаңы конуштарында тартылган», — деп билдиришти тасманын авторлору. 

1996-жылы негизделген Пусан кинофестивалы Азиядагы эң ири кинофестивалдардын бири болуп саналат. Быйыл фестивалга 70 өлкөдөн 269 тасма тандалып алынган. 

«Кыз ала качуу» тасмасы башкы сыйлыкка ээ болгон конкурстун Jiseok секциясы үч же андан көп тасма тартып таанылган азиялык кинематографисттер үчүн түзүлгөн. 

Кыргыз тасмасынан тышкары, аталган конкурстук секцияга Жапония, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Түштүк Корея, Таиланд, Шри-Ланка жана Филиппинден келген жалпы 10 тасма кирген.