Садыр Жапаров Орусия менен соода жүгүртүүнү 5 млрд долларга чейин жеткирүү ниетин билдирди

Кыргызстан Орусия менен соода жүргүртүүнүн деңгээлин 5 млрд долларга чейин жеткирүүнү ниеттенет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өлкө башчылары биргеликте билдирүү жасашты.

«[Сүйлөшүүлөрдүн алкагында] эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү эки өлкөнүн потенциалына дал келбей тургандыгы боюнча орток пикирге келдик. Мындан улам, биз соода жүгүртүү көлөмүн мындан да жогорулатуу боюнча чараларды көрүүнү жана өз ара сооданы 5 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү амбициялуу деңгээлге жеткирүүнү макулдаштык», — деди Жапаров.

Анын айтымында, Путин экөө «инвестиция, отун-энергетика комплекси жана айыл чарба чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүү багыттарына өзүнчө токтолушкан». Ал эки өлкөнүн өкмөтү экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында экономиканы диверсификациялоо жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерин активдештирип жатышканын белгиледи.  

Владимир Путин жана Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Өз кезегинде Владимир Путин Орусия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экендигин билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 37%га көбөйүп, 3,5 млрд долларга жеткен, ал эми 2023-жылдын I жарымында бул көрсөткүч дагы 17,9%га өскөн.

Ошондой эле Орусия президенти Кыргызстанды газдаштырууну 60%га жеткирүүгө жардам берүүнү убада кылды.

Путин Бишкекке 12-октябрда расмий сапар менен келген. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен «кыргыз-орус биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган» алты документке кол коюлду. 

Кол коюлган документтер: эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу, КР Юстиция министрлиги менен РФ Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу жана 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы, эки өлкөнүн тармактык ведомстволорунун ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү; айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, КР Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу, ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Бүгүн, 13-октябрда Путин Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.