Ташиевдин үй-бүлөсүнүн өнөктөшү менен байланышы бар «АБ Энерго» түштүктө электростанция курмакчы

«АБ Энерго» компаниясы Жалал-Абад облусунда кубаттуулугу 660 МВтты түзгөн көмүр жылуулук электр станциясын курууну пландаштырууда. Бул тууралуу 11-октябрда Жалал-Абадда өткөн «Кыргызстан менен Орусиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору» Кыргызстан — Орусия аймактар аралык X мааракелик конференциясынын жыйынтыгында белгилүү болду

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, «АБ Энерго» компаниясынын инвестициялык салымы 2 млрд 300 млн долларды түзөт. 

«Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен “АБ Энерго” ЖЧКсынын ортосунда 2 млрд 300 млн АКШ долларын түзгөн инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана Жалал-Абад облусунда кубаттуулугу 660 МВт болгон көмүр жылуулук электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюлат», — деп билдиришти Министрлер кабинетинен. 

«АБ Энерго» тууралуу эмне белгилүү? 

«АБ Энерго» компаниясы буга чейин «Клооптун» Жалал-Абадда курулган «Барселона» футболдук клубу жөнүндө иликтөөсүндө эскерилген. Иликтөөдө бул компания менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнү, президент Садыр Жапаровдун жана бозгун президент Курманбек Бакиевдин жакын адамдардын байланышы бар экени айтылган.

«АБ Энерго» орусиялык ишкер Николай Коробовскийге таандык — ал «ЖалГрупп Азия» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн бири. Barça Experience футбол академиясынын Кыргызстандагы франшизасына дал ушул «ЖалГрупп Азия» ЖЧКсы ээлик кылат.

«Клооп» «АБ Энерго» компаниясына Коробовскийдин жубайы — Анар Коробовская ээлик кыларын аныктаган. 

«АБ Энерго» корпорациясы 18 жылдан бери «Казахмыс» жана ЦАЭК энергохолдингтеринен электр энергиясын текейден арзан сатып алып, кайра Казакстанга беш эсе кымбат сатып келет.

Николай Коробовский өзү Омскто эң бай 100 жергиликтүү тургундун катарына кирет, анын «АБ Энерго» компаниясы дагы ошол эле жерде катталган. Бул компания Омск, Воронеж жана Челябинск облустарынын калкын, ошондой эле Челябинск электрометаллургиялык комбинаты, Серовск ферро эритмелер заводу, «Интер РАО», «ЭНЕЛ Россия» жана ТГК-11 сыяктуу гигант ишканаларды жети жылдан ашык убактан бери отун менен камсыздап келе жатканы да белгилүү.

Мындан тышкары, «АБ Энергонун» директорлор кеңешинин төрагасы Николай Коробовский менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Москва шаарында президенттин өлкөнү жашылдандыруу кампаниясынын алкагында Баткенде «Өмүр багы» достук паркын отургузуу боюнча резолюцияга кол коюшкан

Ошондой эле Коробовскийдин компаниясы «Кыргыз Республикасынын аялдар конгрессине» 73,8 миң доллар, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине 11 млн рубль грант берери жана Улуттук тарых музейи үчүн Орусиядан 1,6 млн рублге маалыматтар базасын сатып алып берери айтылган.

Дагы окуңуз: «Барса», Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким?