КМШнын Бишкекте өткөн саммитинде бир катар документтерге кол коюлду

13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кеңеши өттү. Жыйынга президент Садыр Жапаров төрагалык кылды.

Өлкө башчысы жыйындын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кеңештин жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашуу;
  2. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине 2024-жылы төрагалык кылуу жөнүндө;
  3. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
  4. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө;
  5. Орус тили боюнча Эл аралык уюм түзүү жөнүндө;
  6. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын санариптик технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системаларын шайкеш келтирүү боюнча кызматташуу жөнүндө;
  7. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын көп полярдуу дүйнөдө мамлекеттер аралык мамилелердин принциптери боюнча билдирүүсү жөнүндө;
  8. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын адамдын жана жарандын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын коргоо боюнча билдирүүсү жөнүндө;
  9. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары колдоо жана өнүктүрүү жөнүндө;
  10. Көз карандысыз мамлекеттер мериктештигинде Байкоочу статусу жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өнөктөш статусу жөнүндө;
  11. Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого тобокелдиктерди баалоо боюнча эл аралык борборду түзүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө;
  12. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу;
  13. 2024–2028-жылдары кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасы жөнүндө;
  14. «Тынчтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн» медалы жөнүндө;
  15. Самарканд шаарын 2024-жылы шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
  16. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө:
  17. 2000-жылдын 21-июнундагы протокол менен бекитилген Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Аткаруу комитети тууралуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол;
  18. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин органдарынын чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
  19. 2003-жылы кабыл алынган КМШга мүчө мамлекеттердин бюджетинен шериктештик органдарга үлүштүк төгүмдөрдү которуу боюнча милдеттенменин мамлекеттер тарабынан аткарылышы боюнча чаралар жөнүндөгү чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.