Бишкек-Ош жолунда кышкы дөңгөлөксүз кичиавтобустарга жүргүнчү ташууга тыюу салынды

Иллюстративдик сүрөт.

15-октябрдан тарта Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобус жана минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан чектөө 1-майга чейин киргизилгенин белгилешти.

Мындай чара кышында жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында кабыл алынды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында өлкөдө үч миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жалпы 269 адам каза болгон, анын 38и — жаш балдар. Быйыл жол кырсыгынан каза болгондордун саны өткөн жылга караганда 8,5 эсеге өскөн.