Баткен: Чек ара жаңжалында жараат алган аскер кенемте ала албай жатканын айтып чыкты

Баткенде 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда ок тийген аскер Курманбек Абдыкеримов кенемте жана пенсия төлөнбөй жатканын айтып, президентке жана УКМКнын төрагасына кайрылды. Кайрылуу 15-октябрда аскердин фейсбук барагында жарыяланды.

Абдыкеримовдун айтымында, ал куралдуу жаңжалдан кийин ден соолугуна байланыштуу аскердик-дарыгердик комиссиянын чечими менен жумуштан кеткен. 

Кийинчерээк майыптыгы барлар үчүн пенсия алууга аракеттенип, медициналык-социалдык экспертиза мекемесинен аныктама алган. Бирок анда майыптыктын даражасы жана тиешелүү мөөнөттөр жазылбаганына байланыштуу пенсияга чыга алган эмес.

«2022-жылы 16-сентябрда “Достук” чек ара заставасындагы “Радар-1” постунда наряддын улугу катары күзөттө турганмын. Коогалаң башталганда оң ийиниме ок тийип, колтугуман чыгып кеткен. Ошондон кийин оң колумдун манжалары иштебейт, физикалык жумуш жасай албайм. Буга байланыштуу майыптыгы барлар үчүн пенсияга чыгайын десем, “ал жакка бар, бул жакка бар” деп чыга албай жатам [...] Ошондой эле ден соолугума байланыштуу жумуштан чыкканда төлөнүп берилүүчү кенемтени сурандым, ал боюнча дагы “тиги жакка бар, бул жакка бар” [дешет], башка сөз уга албайм», — деди Абдыкеримов.

Андан сырткары мурдагы жоокер Ош облусунун тургуну экенин, бирок жергиликтүү ооруканада дарылана албай жатканын билдирди. Ошондой эле Абдыкеримов Ош облусунун губернатору көмөк көрсөтүүнү убадалап, бирок ал аткарылбай жатканын айтты.

«Ошол жакта элим-жерим деп жүрүп жараат алып ушундай окуялар болду. Эмне себептен биз каралбай жатабыз? Таанышы барлар алып жатат, бул ачык чындык. Бизге окшогон карапайым дыйкандын балдарын эч ким карабайт. Эмне себептен? [...] Физикалык жумушка жарабайм, бир колум иштебегенине байланыштуу акча табуу көйгөй. Учурда кичинекей үйдө беш бир тууган жашайбыз, кимге кайрылганды билбейм. Бир нече ирет Оштогу УКМКга барсам ал жакка киргизбейт, жумуш жактан кайрылсам “айтабыз, дейбиз, кылабыз” дейт — такыр эле эч нерсе жок», — деди мурдагы жоокер.

Мурдагы аскерди Ош облустук администрациясынын башчысы Элчибек Жантаев кабыл алды, 16-октябрь, 2023-жыл. Сүрөт: Azattyk

Кайрылуу интернетте тарагандан кийин, 16-октябрда, облус башчысы Элчибек Жантаев аскерди кабыл алып, анын документтерине байланыштуу маселеде көмөк көрсөтүүнү убадалады.

13-июнда Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев чек ара жаңжалында жаракат алган аскер кызматкерлерине кенемте төлөнүп берилгенин, ал эми он аскерге «жеңил жаракат алганына байланыштуу жардам берилбей турганын» билдирген. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек ара кызматы: Баткенде каза тапкан 37 чек арачынын жакындарына кенемте төлөндү