Бектур Искендер «Клооптон» кетти

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер уюмдан кетти. Ал мындан ары басылмада жана редакцияга тиешелүү бир дагы долбоордо иштебейт. Бул тууралуу Искендер өзү кызматкерлерге кабарлады. 

«Кечээ жакында, бузуп кирүүнүн натыйжасында менин жекече кат алышуум тарап кетти. Менин шалаакы, этиятсыз жоругумдан улам, тилекке каршы, “Клоопко” тиешеси жок үчүнчү жактардын кызыкчылыгына доо кетип калды», — деп жазды ал арызында. — Менин аракетим туура эмес экенин мойнума алам, өзүм да уялып жатам. Биз ар дайым адамдардан бийик сапаттарды талап кылып келгенбиз, мен дагы ошол талаптарга шайкеш болушум керек эле. Бул окуялар андай эмес экенин көрсөттү, андыктан мындан ары “Клооптун” катарында болууга моралдык укугум жок деп эсептейм». 

Бектур Искендер болуп өткөн окуя анын профессионалдык ишмердүүлүгүнө таптакыр тиешеси жок экенин кошумчалады. 

«Клооптун» жамааты Бектурдун чечимин түшүнүү менен кабыл алат жана азыркы таптагы эң туура чечим деп эсептейт. Биз ага редакциядагы жана «Клооптун» түптөлүшүндөгү шыктандырган лидерлиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. 

Окурмандар алдындагы чынчылдык — «Клооптун» негизги принциптеринин бири. Ошентсе да, бул жолу окуянын чоо-жайын айтууну туура көргөн жокпуз. Анткени айрым жагдайлар биз менен эч кандай байланышы жок адамдарга тиешелүү. 

Бектур Искендер — «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири. 2014-жылдын сентябрь айына чейин басылманын башкы редактору, 2015-жылдын май айына чейин «Клооп Медиа» фондунун президенти болуп иштеген. Бул кызматтарды өткөрүп бергенден кийин, басылманын жана ага таандык төрт юридикалык жактын негиздөөчүсү бойдон калган. Андан тышкары, 2019-жылы бир нече ай башкы редактордун милдетин аркалаган. Акыркы убактарда «Клооптун» Борбор Азия журналисттеринин коопсуздугу үчүн инфраструктура куруу менен алектенген Польшадагы уюмунун башкармалыгынын мүчөсү болуп иштеп жаткан.

2023-жылдын 7-октябрынан тартып Бектур Искендер «Клооптун» бир дагы тармагында иштебейт. Бардык иштерди өткөрүп берүү жана анын уюмдан кетишин документтештирүү белгилүү бир убакытты талап кылат.