УКМК жүздөн ашык батир жана объекттер мамлекетке кайтарылганын билдирди

Мыйзамсыз берилген жана ижарачылар тарабынан жерди пайдалануу шарттары сакталбаган жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана турак эмес жайлар мамлекетке кайтарылып, 594 млн сом зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу 16-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын комитет Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен бирге мыйзам сакталбаган фактыларды аныктап, бир катар кылмыш иштери козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «И.М.С.» ЖЧКсына жана жаранга убактылуу пайдаланууга жер тилкелери берилгени аныкталган. 

«Жер тилкесин берүүнүн шарттарына ылайык, аталган компания берилген аймакты көп кабаттуу үйлөр менен өздөштүрүп, курулган батирлердин 10%ын муниципалдык менчикке берүү болгон. Бирок шарттар аткарылган эмес», — деп айтылат билдирүүдө. 

Атайын кызматтан мэрияга алынган батирлер өзгөчө муктаж болгон калктын аялуу катмарын турак-жай менен камсыз кылууга жумшалышы керек болчу деп билдиришти. УКМК жүздөн ашык батир жана турак эмес жайлар муниципалдык менчикке өтүп, суммасы 505 миллион сомду түзгөнүн жана 88,9 миллион сом мамлекетке кайтарылганын белгиледи. Толтурулган зыяндын жалпы суммасы 593,9 млн сомду түздү.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу иштери улантылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: «Акун» пансионатына берилип кеткен 371 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Бишкекте менчикке мыйзамсыз берилген муниципалдык жер мамлекетке кайтарылды