Ош: Аң-сезимге оор таасир этүүчү дарылар сатылып жаткан азык-түлүк дүкөнү аныкталды

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө атайын рецепти жок эркин сатууга тыюу салынган, адамдын аң-сезимине оор таасир этүүчү дарылардын 2 түрүн сатып жаткан дүкөн аныкталды. Бул тууралуу 17-октябрда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул бузууну милиция кызматкерлери менен Саламаттык сактоо министрлигинин дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин өкүлдөрү текшерүү учурунда аныкташты.

«Сатуучунун дары-дармек сатууга атайын билими болгон эмес, азык-түлүк дүкөнүндө сатып жаткан. Ал көрсөтмөсүнө караганда, дүкөндүн ээси — 32 жаштагы Ош шаарынын тургуну дарыларды алып келип, бааларын коюп, сатуу керектиги айтылган», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча сатуучудан жана дүкөн ээсинен тиешелүү түшүнүк каттар алынып, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлери тарабынан акт түзүлдү.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Милиция кызматкерлери баңгизат саткан интернет-дүкөндүн ээсин кармашты

«12 млн сомдук баңгизат». Бишкекте мектеп окуучулары болгон эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды