Бир цитата менен: Жапаров алдыдагы 10-20 жылда Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт деп билдирди 

Келээрки 10-20 жылда Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт. Бул тууралуу 19-октябрда президент Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди

Өз сөзүндө президент 2022-жылы «Кумтөрдө»  17,3 тонна алтын өндүрүлүп, КГК салык жана милдеттүү төлөм катары 32,2 млрд сом төккөнүн белгилеп, кенди иштетүүдөн таза киреше 371 миллион долларды түзгөнүн айтты. 


«Буюрса, “Кумтөрдүн” келечеги алдыда! Себеби, биздин философия жөнөкөй: Кудайдын буйругу, эл-журттун эрки менен бийликте тургандан кийин эл үчүн жан үрөп кызмат өтөө! Компаниянын 40, 50 жылдык мааракелеринде Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт деген ишенич зор. Анткени биз “Кумтөр” сыяктуу эл байлыгын элге иштетип жатабыз», — деди Жапаров. 



Президент ага мисал катары «криминалга чечкиндүү сокку уруп, көмүскөгө айланган бардык каржылар ачыкка чыгарылып жатканын» келтирди. Анын айтымында, ушундай аракеттин жыйынтыгында айлык акы, жөлөк пулдар көбөйгөн. 

Ошондой эле Жапаров өлкөдө мектеп, бала бакчалар жана жолдор салынып, жаңы аскердик техникалар сатып алынып жатканын эске салды.