Талас: Мектептин чатырын оңдоого тартылган окуучулардын бири кулап түштү, териштирүү башталды

Талас районунун Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин чатырынан 11-класстын окуучусу кулап кетти. 19-октябрда окуяны милиция териштире баштаганы белгилүү болду

Маалыматка ылайык, кырсык 7-октябрда 10-11-класстын окуучулары мектептин чатырын оңдоо иштерине тартылган учурда болгон. Учурда окуя боюнча комиссия түзүлүп, аталган мектептин директору кызматтан четтетилди.

Облустук ооруканадан бейтаптын мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынып кеткенин маалымдашты. Учурда ал дарылануусун үйдөн улантууда.

Аталган факт милицияга катталып, териштирүү иштери башталды.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.