Араванда тургундар акча чогултуп, мектепке ашар жолу менен кошумча имарат куруп жатышат

Ош облусунун Араван районундагы Зухрахан Розахунова атындагы орто мектептин 200 орундуу кошумча имараты ашар жолу менен курулуп жатат. Бул тууралуу 19-октябрда «Турмуш» басылмасы жазды

Маалыматка ылайык, курулуп жаткан кошумча корпустун жалпы сметалык баасы 21 млн сомду түзүп, анын 9 млн сомун жергиликтүү тургундар чогултуп беришти.

Курулушка айыл өкмөттүн бюджетинен 3 млн сом бөлүнүп берилген, ал эми демөөрчүлөр, ишкерлер жана чет өлкөдөгү кыргызстандык мигранттар чогулткан каражатка имараттын чатыры жабылган. Кийин Ош облустук өнүктүрүү фонду дубалды шыбоо, жылуулук түтүктөрүн орнотуу, полдорду жасоо үчүн 7 млн 800 миң сом бөлүп берген.

«Класс жетишсиздигинен балдар коридордо да окучу. Андыктан эл ушул эле мектепке кошумча 200 орундуу корпусту ашар жолу менен курууну колго алды. Курулуш иштери дээрлик аяктап калды. 10 күндүн ичинде окуучулар ал жакта окуй баштайт», — деди Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысы Давранбек Шамшидинов.

Зухрахан Розахунова атындагы орто мектеп 1964-жылы курулган. Ал 550 орунга ылайыкташып, учурда 1400 окуучу билим алууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Мугалимдер мектепке ашар жолу менен кошумча имарат куруп жатышат