Бишкек шаарына газ менен жүргөн дагы 80 автобус келди

Бишкекке  газ менен жүрүүчү жаңы 80 автобус келди. Бул тууралуу «Клоопко» 20-октябрда борбор калаанын вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди.  

Автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы кол койгон келишимдин негизинде кытайлык Golden Dracon заводунан алынды. Бул келишимге ылайык, жалпы 124 автобус келиши керек.

«Бүгүнкү күндө 430 жаңы автобус келди, анын ичинен 80и Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы кол койгон келишимдин негизинде келген газ менен жүрүүчү автобустар, ал эми калганы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен алынган 1000 автобустун 350сү. Баш-аягы жылдын аягына чейин 625 автобус келиши керек», — деди Сазыкулов. 

Автобустун узундугу 10, 5 метр, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу 85 адамды түзөт. Салондо 2 ЛЕД экран жана 6 видео байкоо камерасы бар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын 2 орундук бөлүнгөн жана автобустун сыртында атайын пандус түшүрүүчү баскычы бар экени айтылат. 

Буга чейин, мэриядан автобусттардын жетишисиздигинен улам кемчиликтер байкалып жатканы, автобусттук каттамдар толукталганга чейин маршруткалардын айрым каттамдары ишке  чыгарылганы айтылган. 

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкек: Мэрия автобустардын жетишсиздигинен улам кээ бир маршруткаларды линияга кайтарды

Бишкекке 25 жаңы автобус келди