Чүйдө 21 жаштагы бала менен 15 жаштагы кыздын никесин кыйган имам кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда милиция 21-жаштагы жигитти жашы жете элек кыз менен никелештирген айылдын имамын кармады. Бул тууралуу 20-октябрда Чүй облусунун ИИББи билдирди.  

Кармалгандар. Сүрөт: Чүй ОИИББи

Милиция жашы жете элек кыз менен никеге турган баланы да кармады.

Чүй ОИИББи 21 жаштагы бала менен 15 жаштагы кыздын никелешүүсү Ивановка айылында болгонун, алардын никесин 1971-жылкы имам кыйган.

Шектүүлөр «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренеси менен кармалды.