Пенсионерби же студентпи, баары жооп берет — Ташиев 70 жаштагы Салия Таштанованын кармалышы тууралуу

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда «Бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси менен айыпталып жаткан 70 жаштагы пенсионер Салия Таштанованын кармалышы боюнча комментарий берди

«Айтып жатышпайбы, пенсионер 70 жаштагы апаны камап коюптур деп. Эгерде мыйзамды буза турган болсо, 70ке, 90го чыгабы же 18-20 жашта болобу мыйзам алдында баары бирдей жооп берүүгө милдеттүү. Коомду дүрбөлөңгө салып, жалган маалыматтарды таратып, бир же эки гана жолу таратып калбастан, ар дайым түрдүү жалган маалымат таратып, коомду дүрбөлөңгө салып жатышат. […] Пенсионер болобу же студент болобу бизге айырмасы жок. Ким мыйзамды бузса, баары жооп берет жана жооп берүүгө милдеттүү. Ошондо гана коомубузда тартип болот», — деп билдирди Ташиев 19-октябрда УКМКнын Кара-Балтадагы жаңы имаратын ачып жатып. 

70 жаштагы пенсионер Салия Таштанованы кармалганы 14-октябрда белгилүү болгон. ЖМКнын маалыматына ылайык, Таштанова 6-октябрда кармалып, камакка алынган. Ага «Бийликти күч менен басып алууга чакырык» беренеси менен айып тагылган.

Пенсионердин адвокаты Токтосун Жоробековдун айтымында, Таштанова президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасагандан кийин кармалган. Кайрылууда ал «өлкөдө баалар кымбаттап, адилеттүүлүк жок болуп калганын» билдирген. Адвокаттын билдиришинче, кайрылуудан кийин ага «президент менен УКМКнын төрагасынын аброюна шек келтирген, элге чакырык жасаган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 

Салия Таштанова өткөн жылдын ноябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы курултайда сөз алып сүйлөгөнү белгилүү. Анда ал атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду «чек ара маселесин чече алышпаса отставка кетсин» деп талап кылып чыккан.

Кийинчерээк Таштанова үй камагына чыкканы белгилүү болгон