Жалал-Абад: УКМК тарабынан кармалган Салия Таштанова үй камагына чыгарылды

Соцтүйүндөгү кайрылуусу үчүн УКМК тарабынан кармалган Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну Салия Таштанова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» 18-октябрда облустук соттон билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Таштанованын бөгөт чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, тергөөчүнүн өтүнүчү менен 17-октябрда үй камагына чыкты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Салия Таштанованы жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркулованы кармап кеткени белгилүү болгон. Алар «Бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренесинин негизинде айыптылууда.

Таштанованын жактоочусу Токтосун Жоробеков шектүү «президент менен УКМКнын төрагасынын аброюна шек келтирди, элге чакырык жасады» деген жүйө менен, ал эми Шеркулова «жалган маалымат таратууга» шектелип кармалганын билдирген.

Атайын кызмат азырынча бул тууралуу маалымат тарата элек.

Салия Таштанова өткөн жылдын 15-октябрында Өзгөндө өткөн элдик курултайга катышып, Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан.

Ал курултайда сөз сүйлөп, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев «чек ара маселесин чече албаса отставка кетсин» деп талап кылып чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Таш-Көмүр: УКМК 75 жаштагы аялды «соцтүйүндөгү кайрылуусу үчүн» кармап кеткени айтылууда