Газадагы абал боюнча пикирин билдирген орусиялык блогер элден кечирим сурады. Милиция эмне дейт?

Орусиядан келген блогер Владимир Емельянов милицияга баарлашууга барып келген соң Палестинанын Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча айткан пикири үчүн элден кечирим сурады. Ал кайрылууну 21-октябрда жарыялады.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Vladimir Emelianov (@sailord77)

Блогер Израиль-Палестина жаңжалы жана «Газадагы ооруканага болгон ракеталык чабуул боюнча туура эмес маалымат таратканын» белгилеп, бул жагдайда кыргыз бийлигинин позициясын толук түрдө колдоорун айтты.

Бишкек шаардык милициясынан «Клоопко» Емельянов баарлашууга чакырылганын тастыктап, «блогердин билдирүүлөрү коомдогу социалдык абалдын туруксуздугуна алып келиши мүмкүн экенин» белгилешти.

Эмне болгон билдирүү?

Блогер инстаграм барагындагы тарыхчада «Израилге террористтер бардык тараптан кол салганын 11 күндөн бери байкап келе жатканын» жазып, аларды колдогондор бар экенин белгилеген.

«Израилдиктер терористтер кол салгандан кийин өлкөсүнө кайтып барып, армиянын катарына кошулуп жатканы баарынан таасирлентти. Орусияда болсо жашоочулар согуш башталгандан кийин чыгып кете баштаган жана бул көрсөткүч. Кыйсыл өлкөгө кол салышканы жана кайысыл өлкө башканы бастырып киргени көрүнүп турат. [...] Террористтердин Израилге карай аткан ракетелары өздөрүнүн ооруканаларына түшүп жатат. Өз жарандарын аябайбы, түшүнө албайм», — деп жазып, кийин билдирүүнү өчүргөн.

Блогердин билдирүүсү коомдо кызуу талкуу жаратып, айрым кыргызстандыктардын ачуусун келтирген. Аны өлкөдөн депортация кылуу талабы да айтылган.

Милиция эмне дейт?

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» Емельянов профилактикалык баарлашууга чакырылганын тастыкташты.

Милициядан ал Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын адистери Тик-Ток менен Инстаграмга мониторинг жүргүзгөн соң чакырылганын айтып, «блогердин билдирүүлөрү коомдогу социалдык абалдын туруксуздугуна алып келиши мүмкүн экенин» белгилешти.

«Анда Израил менен Палестинанын ортосундагы согушка каршы саясий кырдаалды курчутууга, ошондой эле расалык, этникалык, улуттук ар-намысты басмырлоого, динге, улутка же расага негизделген жарандардын өзгөчөлүгүн, кадыр-баркын же кемчилигин пропагандалоого багытталган маалыматтар жарыяланган. Бул маалыматты социалдык тармактарга жарыялоо коомдогу социалдык абалдын туруксуздугуна алып келиши мүмкүн», — дешти милициядан.

18-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Газа секторундагы Аль-Ахли ооруканасына болгон аскердик соккуну кескин айыптап, мындай эл аралык гуманитардык укук бузууну ар тараптуу иликтөөгө чакырган.

Газадагы жаңжал

7-октябрда палестиндердин Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу (Израилде террористтик деп табылган «Ислам каршылык көрсөтүү кыймылы») Израилди ракета менен аткылаганы кабарланган. Аталган топ Израилди Иерусалимдеги Аль-Акса мечитин басып алууга айыптаганы айтылган.

Көп өтпөй израиль бийлиги «согуштук абалга» өткөнүн билдирип, Газа тилкесине чаабул койгон. Израиль толугу менен Газаны курчоого киришип, палестиналык анклавка азык-түлүк, күйүүчү май жана электр энергиясын ташуу токтотулганы кабарланган.

Акыркы бир нече күндө Израиль менен Ливандын чек арасында да чыңалуу күч алып жатканы айтылат. Ал жерде «Хезболла» тобу аракетке өткөнү, ал эми чека арага чектеш аймактардан тургундар көчүп кетип жатканы белгиленген.

20-октябрга карата Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги 4137 адам каза таап, 13 миңден ашык киши жарадар болгонун кабарласа, Израиль тарап 1400 кишиси каза болуп, дагы 4834ү жаракат алганын билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги израил-палестина жаңжалынын курчушуна тынчсызданып жатканын белгилеп, эки тарапты ынтымакка келүүгө чакырган.