Мушкер Ален Офойо мушташка катышууга шектелип, милицияга жеткирилди

Кикбокс мушкери Ален Офойо. Сүрөт: Интернеттен алынды

Бишкек шаарында кыргызстандык кикбокс мушкери Ален Офойо мушташка катышууга шектелип, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 23-октябрда шаардык милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 22-октябрда саат 15:30да Юнусалиев көчөсүндө пикир келишпестиктен улам бирөө бетине муштаганын билдирди. Анын кесепетинен эки тиши сынганын билдирип, ага карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге кайгуул кызматкерлери барып, спортчу менен бирге дагы 33, 38 жана 41 жаштагы үч кишини милиция бөлүмүнө жеткирген. Аталган жарандар милиция кызматкерлери чакырганда келип туруу милдеттенмеси менен кайра коё берилди.

Милициядан окуяга тиешеси бар экинчи тарап да арыз менен кайрылганын билдиришти. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет. Териштирүү уланып жатат.

Ален Офойо 2002-жылы Кыргызстандын кикбокс боюнча чемпиону болгон.

2003-жылы Ташкентте өткөн 75 килограмм салмакка чейинкилер арасында Азиянын кикбокс чемпиону аталган. Кийин, Европа жана Евразиянын чемпиону болгон. Ал 2013-жылы карьерасын токтотуп, кайра 2017-жылы спортко кайтып келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жаңы-Жер айылындагы мушташ: Адам өлүмү менен коштолгон иш боюнча жалпы сегиз киши кармалды

Жаңы-Жер: Адам өлүмү менен коштолгон калайман мушташ боюнча дагы алты киши кармалды