Тоңдун тургуну 60 жылдык тойдун ордуна мектепке беш миң долларга китеп белек кылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Рысбек Мусабаев аттуу тургуну 60 жылдык маараке өткөрүүгө делген каражатына мектепке колдоо көрсөттү. Мусабаев беш миң долларга 500 даана окуу китебин, микрофон жана колонка, класстык бөлмөлөргө такта, ошондой эле мугалимдер үчүн диван алып бергенин 24.kg басылмасы жазды.

Бул өлкөнүн аймактарындагы тургундар өз демилгеси менен социалдык көйгөйлөрдү чечкен биринчи учур эмес. Буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылынын 93 жаштагы тургуну Үсөй Алагөзов пенсиясынан чогулткан каражатка балдар үчүн аянтча куруп берген.

Ал эми Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну, пенсионер Нурхан Кочкорова ажылыкка деп топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө курдуруп берген.

Жаңы окуу жылынын башында мектептерде китеп жетишпей жатканы сынга кабылып, ата-энелер китептерди базарлардан сатып берип жатканын айтып, нааразы болушкан. Мындай шартта, 7-сентябрда президент Садыр Жапаров Каныбек Иманалиевди «тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн» деген негизде Билим берүү жана илим министрлиги кызматынан бошоткон

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдө 93 жаштагы аксакал пенсиясына элеттик балдар үчүн аянтча куруп берди

Ноокаттагы Ак-Булак айылынын тургундары жол оңдош үчүн 10,4 млн сом чогултушту

Ноокат: Тургундар ажы той өткөрүүнүн ордуна өздөрү жашаган көчөнү оңдоп беришти

Ноокенде үй-бүлө апасынын жылдык ашын өткөрүүнүн ордуна жолду оңдоп берди