Баткен: Аялын бычак менен «өлтүрөм» деп коркуткан 44 жаштагы киши бир айга камалды

Баткен шаары. Сүрөт: Интернеттен алынды

Баткен шаарында «өлтүрөм» деп коркутуп, аялын  бычак менен кубалаган 44 жаштагы киши кармалып, 26-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 27-сентябрь саат 20:00 чамасында шектүү спирт ичимдигин ичип, үйүндө эки колуна эки бычакты көтөрүп алып, 41 жаштагы аялын «өлтүрөм» деп коркуткан. Аял күйөөсүнөн качып, Баткен ШИИБдин имаратына кирип, жолдошу «бычак менен өлтүрөм деп коркутуп жатканын» билдирген.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда шектүү эки колуна бычак кармап, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей каршылык көрсөтүп, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, колундагы бычакты шилтеп милиция кызматкерлерине кол салууга аракет жасаган.

Ал ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 26-октябрга чейин камакка алынды.

Шектүү Батен райондук соттун чечимине макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу менен кайрылган. Облустук соттун соттук коллегиясынын 16-октябрындагы аныктамасы менен шектүүнүн бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

44 жаштагы шектүү Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну, төрт баласы бар. Эч жерде иштебейт, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Кыргызстандагы фемицид

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркектердин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү