УКМК: «Бек-Абад» өткөрүү пунктунда массалык мушташка катышкандар кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Бек-Абад» өткөрүү пунктунун жанында массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу 25-октябрда УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 23-октябрда «Бек-Абад» өткөрүү пунктунун жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдар тобунун ортосунда массалык мушташ чыккан. Атайын кызматтын билдирүүсүндө, конфликтте «улуттар аралык мүнөздөгү белгилер болгону» айтылат.

«Окуя болгон жерге УКМКнын кызматкерлери келип видеого тартып алышкан, бирок жаңжалдын айрым катышуучулары агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркутуп-үркүтүшкөн», — деп билдиришти атайын кызматтан.

УКМКдан 52 жаштагы шектүү тергөөгө келүүдөн баш тартканын, аны кармоого барышканда «үй-бүлө мүчөлөрү каршылык көрсөткөнүн» белгилешти. 

Ал эми соцтармактарда 24-октябрь күнү аталган шектүүнүн үйүнөн тартылган видео тараган. Анда «Дилшат Исмаилов аттуу тургундун үйүнө белгисиз адамдар келип, аны жана баласын ур-токмокко алып, унаага жүктөп кетишкени» айтылган. Ошондой эле видеодо үйдүн короосуна тамчылаган кандын издери тартылган.   

«Т-Медианын» кабарчылары Дилшат Исмаиловдун үй-бүлөсүнөн интервью алган. Анда анын кызы «кызматтык форма кийбеген белгисиз киши келип, өздөрүн тааныштырбай, атасын жана инисин ур-токмокко ала баштаганын»  айткан.

«Атамдын футболкасын башына ороп, жаткан жеринен сүйрөп-уруп, алып чыгып кетишти. Инимди да тээп-уруп, сүйрөгөн боюнча унаага жүктөштү. Бул жерге келгенден кийин бир нерсени түшүндүрүш керек да. Эч нерсени айтышпады. Биз “асылсак” бизге пистолеттерин көрсөтүп, коркутушту. Кош бойлуу сиңдимди да уруп, ал ооруканага кетти», — деген ал. 

УКМКдан «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренеси менен эки шектүүгө кылмыш иши козголуп,  убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришти. Ошондой эле «мүмкүн болгон улуттар аралык чыр-чатактын уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөт»  деп эскертишти.

Учурда тергөө уланып жатат.