Кыргызстан менен Кытай өлкөдөгү үч көмүр кенин бирге иштетмей болду 

Кытайдын бир нече компаниясы менен «Кыргызкөмүр» ишканасы Кыргызстандагы үч көмүр кенин биргеликте иштетет.

Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, 25-октябрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкекке расмий иш сапары менен келген Кытай эл республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери менен кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда тараптар өз ара соода-сатыкты, инвестицияны өнүктүрүү жана биргеликте долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.  

Сүйлөшүүдөн соң эки өлкөнүн делегациялары 12 документке кол коюшту. Алардын арасында «Кыргызкөмүр» ишканасы менен кытайлык үч компания ортосунда «Тегене», «Сүлүктү талаа-11» жана «Торугарт-1» көмүр кендерин биргеликте иштетүү боюнча макулдашуу бар. 

Документтерге кол коюу аземи. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы. 

Муну менен катар Кыргызстан менен Кытай Ош облусунун Алай районунда жайгашкан «Эркечтам» кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип курууну макулдашышты. 

Ошондой эле Энергетика министрлиги менен кытайлык эки компаниянын ортосунда кубаттуулугу 3 ГВт чейинки шамал электр станцияларын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.  

2023-жылдын августтунда Үрүмчү Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда кыргыз-кытай бизнес форуму өткөн. Анда курулуш, гидроэнергетика жана билим берүү тармактары боюнча жалпы суммасы 1 млрд долларды түзгөн келишимге кол коюлган.